Тармактык Энциклопедия:ЖЕР МАНТИЯСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
– Жер кыртышынын астында жаткан катмар. Анын хим. курамы кыртыштыкынан башка, тыгыздыгы чоң. Кыртыш м-н мантиянын чеги Мохоровичич бети деп аталат, анда сейсмотолкундарынын таралуу ылдамдыгы секирик түрүндө өзгөрөт. Мантиянын калыңдыгы 2900 км. Ал үстүңкү мантияга ж-а астеносфера деп аталган астыңкы мантияга (калыңдыгы 2000 км) ажырайт. Астеносферада зат эригенге жакын абалда турат. Анын илээшкектиги өтө төмөн. Бардык литосфералык плиталар жарык суюк астеносферада калкып турат. Астеносферадан кийин Жердин ядросу башталат.