Тармактык Энциклопедия:ЖЕРДИН ТАРТУУ КҮЧҮ
– Жердин бүткүл дүйнөлүк тартылуу законунун негизинде башка асман телолорун жер бетиндеги нерселердин тартуусу. Тартуу күчү өтө алыс аралыкка (мис., Айга, Күнгө ж. б.) чейин таасир этет. Ошондуктан Ай Жерди, Жер Күндү айланат. Жер бетинде тартылуу күчү Жердин айлануусунан пайда болгон борбордон четтөөчү күчтүн каршылыгына учурап азаят. Ал оордук күчү деп аталат. Оордук күчүнүн ылдамдануусунун жер бетиндеги орточо мааниси 980,63 см/сек2 (гал) тереңдикти карай адегенде акырындык м-н чоңоюп, 2900 м тереңдикте 1037 галга жетип, андан ары азаят да, Жердин ядросунда нөлгө түшөт. Уюлдардан (932,24 гал) экваторго (978 гал) акырындык м-н 0,5%ке чейин азаят. Бирок кээ бир жерлерде мындай законченем бузулат. Алар рельефтин ар кандай болушунан, тоотек катмарларынын курамдык өзгөрүшүнөн ж-а жер кыртышынын кыймылынан келип чыгат. Оордук күчүнүн өзгөрүшү гравитация бариометри сыяктуу сезгич аспаптар м-н өлчөнөт. Оордүк күчүнүн өзгөрүшү байкалган жер кыртышынын аймактары гравитация аномалиясы деп аталат. Ал оң ж-а терс гравитация аномалиясына бөлүнөт. Жер шарында эң жогорку терс аномалия (366 млг) Атлантика океанында (Пуэрто – Рико чуңкурунда), оң аномалия (270 млг) Филиппинде байкалган. Жер бетинде гравиметрдик өлчөөлөрдүн негизинде изосызыктар м-н көрсөтүлгөн изилденген аймактагы оордук күчтүн мааниси атайы гравиметр карталарына түшүрүлөт. Алар кендерди издөө, чалгындоо иштеринде кеңири колдонулат.
Тартылуунун механизмин көп окмуштуулар изилдешкен. 18-19-к-дарда физиктер тартылууну түшүндүрө турган эки типтеги механизмди (эфирдин ж-а корпускулалардын жардамы м-н тартылуу) ойлоп чыгышкан. Бирок ал экөө тең тартылуу күчүн түшүндүрө алган эмес. 1916-ж. А. Эйнштейн өзүнүн жалпы салыштырмалуулук теориясында тартылууну илимий түшүндүргөн. Бул теориянын негизи – эквиваленттүүлүк принциби. Ар кандай тело үчүн инерциялык масса м-н тартылуу массасы барабар деп эсептеп, Эйнштейн гравитация талаасынын теңдемелерин алган. Ал теңдемелерде тартылуу мейкиндиктин ийрейүү талаасы деп түшүндүрүлөт, боштукта, б.а. материалдык телолор жокто, Эйнштейндин мейкиндик – убактысы кадимки евклиддик үч өлчөмдүү мейкиндик м-н дал келет. Материалдык телолор болгондо мейкиндик-убакыт ийреет, телонун массасы канчалык чоң болсо ж-а ал канчалык жакын болсо көбүрөөк ийреет, б.а. тартылуу күчү да чоң болот. Жер бетинде болсо Эйнштейн теориясынан Ньютондун белгилүү закондору келип чыгат.