Тармактык Энциклопедия:ЖЕБЕ
Jump to navigation
Jump to search
(Sagitta) – Түн. жарым шардагы байыркы гректер белгилешкен 48 топ жылдыздын бири. Аталышы мифологиядан алынган. Аполлон же Купидон аткан жебе. Негизги жарык жылдыздары жаанын жебесин элестетет. Ж.топ жылдызынын S жылдызы жылдыздардын Цефеид тибине кирип, көрүнгөн жылдыз чоңдугу 8,38 жер суткасы убактысында 5,8mнан 7,0mге чейин өзгөрөт. Акыркы 40 жыл ичинде жылдыздын көгүлтүр түсү сарыга өзгөргөн, бул болсо анын 12000 Кден 5000 Кге чейин муздаганын ж-а өлчөмүнүн 6 эсе чоңойгонун билдирет; эми анын диаметри 6000 күн диаметрине барабар. Бул өзгөрүүлөр 100 жыл мурда болуп өткөн болуш керек. КМШнын аймагынан жазында, жайында ж-а күзүндө көрүнөт.