Тармактык Энциклопедия:ЖАҢЫ ДООР
Jump to navigation
Jump to search
, б и з д и н д о о р – жыл эсептөөнүн азыркы системасы. Мурда доордун башталышы, б.а. жыл эсептөө системасы ар кандай реалдуу, легендарлуу же диний окуяларга байланыштуу болуп, 200дөн ашык доорлор белгиленген. «Дүйнөнүн жаралышынан» ж-а Христос туулгандан башталган доорлор диндин таасирин өөрчүтүүгө ыңгайлуу болгон. Христиан чиркөөсү Юлий календарын кабыл алгандан баштап «дүйнөнүн жаралышын» (ал Христос туулгандан 5508 жыл мурда болгон имиш) Ж.д-дун башталышы деп эсептеген. Россия Петр 1дин жарлыгы б-ча жыл эсебин «дүйнө жаралгандан» эмес, Христос туулгандан баштап жүргүзө баштаган, бул 1700-ж-дын 1-янв-ына туура келет. Бул система азыр көп мамлекеттерде колдонулат.