Тармактык Энциклопедия:ЖАРЫК АБЕРРАЦИЯСЫ
Jump to navigation
Jump to search
– асман жарык чыгаруучуларынан келүүчү жарык нур багытынын чектүү жарык ылдамдыгына ж-а байкоочунун кыймылына карата өзгөрүшү. Бул кубулуш асман жарык чыгаруучусу м-н байкоочунун салыштырма кыймылынан келип чыгат ж-а жарык ылдамдыгынын чектүүлүгү м-н шартталат. Жылдыз эклиптиканын уюлунда турса, анын жарыгы Жерге жер ылдамдыгынын багытына перпендикуляр түшөт. Бирок жердеги байкоочуга жылдыз эклиптиканын уюлунан көрүнбөйт, себеби жарык нуру телескоптун түтүгүнөн өткүчө телескоп жер м-н кошо жылып кетет да, жылдыз көрүү талаасынын борборунда болбой калат. Ошондуктан телескопту байкоочунун кыймылы б-ча алдыга кыйшайтууга туура келет. Аберрациялык кыйшаюунун чоңдугу байкоочунун кыймылынын багыты м-н жылдызга карата багыттын арасындагы бурчка көзкаранды. Аберрациялык кыйшаюу аберрация туруктуусу м-н ушул бурчтун синусуна болгон көбөйтүндүсүнө барабар, аберрация туруктуусу а = J/c формуласы м-н табылат, мында J – байкоочунун салыштырма ылдамдыгы, (с = 300 000 км/сек жарык ылдамдыгы Жердин орбита б-ча бир жылдык кыймылы үчүн (J = 30 км/сек) аберрация туруктуусу а = 20,50". Аберрациянын таасири астрометриянын ж-а асман мех-сынын көп маселелерин чыгарууда эске алынат.