Тармактык Энциклопедия:ЖАНДООЧТУ СҮРӨТКӨ ТАРТУУЧУ КАМЕРА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
– Жердин жасалма жандоочусун сүрөткө тартуучу телескоп. Башка типтеги сүрөткө тартуучу телескоптордон айырмасы жандоочунун көрүнгөн учурун так белгилей турган (миллисекунданын бөлүгүнө чейинки тактыкта) түзүлүштөрү бар. Жасалма жандоочу начар жарыктангандыктан аны тартып алуудагы мөөнөт секундка, кээде мүнөткө созулат. Жандоочунун так сүрөттөлүшүн алууда фотокамера жандоочунун артынан ээрчип айланып турат. Биздин өлкөдө ВАУ, АФУ-75 тибиндеги жандоочтун сүрөтүн тартуучу камералар бар. 



www.deepsky.ru