Тармактык Энциклопедия:ГОРИЗОНТ
Jump to navigation
Jump to search
– жер бетинин байкоочуга ачык жерден көрүнгөн бөлүгү. Г. көрүнгөн ж-а чыныгы Г-ко бөлүнөт. Асмандын Г. м-н чектелген бөлүгү к ө р ү н г ө н Г. делет. Ч ы- н ы г ы же математикалык Г-то асман сферасы байкоо чекитинде асма сызыкка перпендикуляр тегиздик м-н кесилишет. Жер шартында ачык жерде көрүнгөн Г. дайыма чыныгы Г-тон төмөн жайгашат да Г-тун төмөндөшү делет. Көрүнгөн Г-тун төмөндөшү канчалык чоң болсо, байкоочу жер деңгээлинен ошончолук жогору турат. Бул төмөндөө Г-тун алыстыгына алып келет. Көрүнгөн Г-тун алыстыгы d байкоочу турган жердин бийиктигине h ж-а астрон. рефракциянын таасирине көзкаранды. Рефракция эске алынган ачык жердеги көрүнгөн Г-тун алыстыгы d (км) = 3,83 (м) формуласы м-н эсептелет. Көрүнгөн Г-тун алыстыгы байкоочу турган асман телолорунун радиусуна да көзкаранды. Планета канчалык кичине болсо, көрүнгөн Г. байкоочуга ошончолук жакын көрүнөт.