Тармактык Энциклопедия:ГИДРОСФЕРА
Jump to navigation
Jump to search
– Жер шарынын атм-ра м-н катуу жер кыртышынын (литосферанын) аралыгындагы суу м-н чектелген бөлүгүнүн, океандар м-н деңиздердин, дарыя, көл, саз ж.б-лардын жыйындысы. О.эле жер астындагы суулар, уюлдардагы муздар, мөңгүлөр, тирүү организмдин денесиндеги суулар да Г-нын курамына кирет. Литосфера м-н атм-радан суу кирбейт. Суулардын көбү океандар м-н деңиздерге топтолгон. Алардын көлөмү 1370 млн. км3, Г-нын 94%ин түзөт. Экинчи орунда жер астындагы суулар көлөмү 61,4 млн. км3 (Г-нын 4%ин түзөт), кийинки орунда Арктика м-н Антарктикадагы көп жылдык муз ж-а кар – көлөмү 24 млн. км3 (2%) га барабар. Г-нын суулары атм-ра, жер кыртышы, биосфера м-н өз ара тыгыз байланышкан.