Тармактык Энциклопедия:ГИДАЛЬГО
Jump to navigation
Jump to search
– кичине планета (№ 944). 5,8 а.б-ке барабар эң чоң орбиталык жарым окко ээ ж-а жер орбитасынын тегиздигине 42,5°ка жантайган. Г-нун Күнгө чейинки аралыгы 1,9дан 9,7 а.б-ке чейин өзгөрөт. Күндү айлануу мезгили 13,7 жыл. 1920-ж. В. Бааде ачкан. Г. Мексиканын көз каранды эместиги үчүн күрөшүн жетектеген Мигуэль Гидальгонун (1753 –1811) ысымынан аталган.