Тармактык Энциклопедия:ГАЛЛЕЙ
Jump to navigation
Jump to search
(Халли) Эдмунд (29. 10. 1656 – 14. 1. 1742) – англ. астроному ж-а геофизиги. Асмандын түш. жылдыздарын 1-каталогун түзгөн, 1718-ж. жылдыздардын өздүк кыймылын ачкан. 20дан ашык кометанын орбиталарын эсептеп чыгарган. Кометалардын мезгилдүү экенин биринчи далилдеп, 1682-ж-дагы комета (Галлей кометасы аталган) кайрадан (1757) көрүнөр убакытын алдын ала айткан.