Тармактык Энциклопедия:ГАЛАКТИКАНЫ ТҮЗҮҮЧҮЛӨР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
– Саманчы жолундагы 100 млрд.даган зор жылдыздар системасы. Г. т-гө Галактиканын сфералык түзүүчүсү, Галактиканын жалпак түзүүчүсү ж-а аралык түзүүчүсү кирет. В. Бааде, В. В. Кукаркин ж. б. астрономдор Галактикада ар түрдүү типтеги жылдыздар түрдүүчө бөлүштүрүлөрүн ж-а үч түзүүчүсү бар экенин далилдеген. Аралык түзүүчүлөргө жаңы жылдыздар, Букачар топ жылдызынын RV тибиндеги өзгөрмөлүү жылдызы, S классындагы жылдыздар, ак кидиктер, планеталык тумандуулуктар, R, N классындагы туура эмес өзгөрмөлүү, туруктуу жылдыздар ж. б. кирет. 



www.forum.gorod.dp.ua