Тармактык Энциклопедия:ГАЛАКТИКАНЫН ЯДРОСУ
Jump to navigation
Jump to search
– Саманчы жолунун орто сызыгына дал келүүчү Галактиканын борбору. Галактиканын тегиздиги асман сферасын чоң тегерек б-ча кесип өтөт, ал галактикалык экватор деп аталат. Жылдыздар чогулмасы Г. я. көздөй көбөйөт, о. эле Галактикалык тегиздикте көп топтолот. Г. я. асман сферасында болжол м-н 30°х20° аянтты ээлейт, б.а. өлчөмү бир нече килопарсекке жетет. Г. я-нун түзүлүшү татаал ж-а жылдыз аралык жутулуу күчтүү болгондуктан Галактиканын борбордук бөлүгүн окуп-үйрөнүү кыйын.