Тармактык Энциклопедия:ГАЛАКТИКАЛЫК ТУМАНДУУЛУКТАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
– сейректелген газ м-н чаңдын Галактика ичиндеги булуттары. Газ басымдуулук кылган Г. т. туура эмес формадагы, сфера түрүндөгү планеталык ж-а диффузиялык тумандуулук-тарга бөлүнөт. Газдуу Г. т. өзүндө же анын жанында жайгашкан абдан ысык жылдыздардын кыска толкундуу нурланган көзгө көрүнгөн жары-гынан жаркырап көрүнөт. Чаңдуу Г. т. ачык ж-а күңүрт тумандуулукка бөлүнөт. Ачык тумандуулук чагылган нурдан жаркырап турат, ал эми күңүрт тумандуулук Саманчы жолунун фонунан көрүнөт.