Тармактык Энциклопедия:ГАЛАКТИКАЛЫК ТЕЛОЛОР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
– чексиз мейкиндиктеги чексиз көп сандаган планеталар, кометалар, жылдыздар, галактикалар ж. б. космос объектилери. Жылдыздар мейкиндикте бирдей жайгашкан эмес, алар Галактика деп аталган системалардан турат. Галактикалардагы жылдыздар арасындагы мейкиндик ж-а галактикалар арасындагы мейкиндик газ, чаң, элементардык бөлүкчөлөр, магниттик ж-а гравитациялык талаа ж. б. Г. т. м-н толгон. Күн Галактиканын миллиарддаган жылдыздарынын бири. Ал планеталар м-н курчалган. Планеталардын айланасында айлануучу жандоочулары бар. Күн системасына башка асман телолору – кометалар, метеориттер ж. б. да кирет. 



www.super-force.ru