Тармактык Энциклопедия:ГАЛАКТИКАЛАР ЧОГУЛМАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
– гравитациялык күч аркылуу бирдиктүү системага байланышып, бири бирине жакын жайгашкан галактикалардын тобу. Бир нече миңге чейинки галактикалары бар 3 миңден ашуун Г. ч. белгилүү. Г. ч. чачыранды (туура эмес) ж-а сфералык (туура) чогулмаларга айырмаланат. Туура эмес галактикалар борборун көздөй начар чогулган (Бийкеч топ жылдызындагы чогулма), ал эми сфералыкта топтолуу жыйнактуу болот (Вероника түктөрү топ жылдызындагы чогулмалар). Г. ч-нын бири Галактикалардын жергиликтүү тобу.



www.quasar.org.ua