Тармактык Энциклопедия:ГАЛАКТИКАЛАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
– жүздөгөн млрд. жылдыздардын зор системасы. Биздин Галактика да бул системага таандык. Г. эллипстик Г. (Е), спиралдык Г. (S), туура эмес Г-га (Ir) бөлүнөт. Алардын өлчөмү абдан чоң. Галактиканын бир четинен экинчи четине чейинки аралыкты жарык 300 000 км/сек ылдамдык м-н он миңдеген ж-а жүз миңдеген жылда өтө алат. Айрым Г-дын ортосундагы аралык андан да чоң, өзүнүн өлчөмүнөн алда канча көптүк кылат. Г. Жерден начар күңүрт так түрүндө көрүнгөндүктөн,алар «галактикадан сырткары тумандуулуктар» деп аталат. Г-дын бөлүштү-рүлүшү бир калыпта эмес. Алар ар түрдүү системалардын бөлүктөрүнөн ж-а Галактика топтошууларынан турат. Бизге эң жакын галактика – Магеллан булуттары ж-а Андромеда тумандуулугу. Метагалактикалардын кеңейишин натыйжасында Г-дын топтолууларынын арасындагы аралык да кеңейүүдө.