Тармактык Энциклопедия:ГАЛАКТИКАДАН ТЫШКАРКЫ АСТРОНОМИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
– астрон-нын бөлүмү; мында биздин Галактиканын түзүлүшү, келип чыгышы, өнүгүшү ж-а физ. касиеттери каралат. Куралсыз көз м-н караганда Андромеда топ жылдыздарында күңүрт так түрүндөгү тумандуулук, Чоң Магеллан ж-а Кичи Магеллан булуту, ал эми телескоп аркылуу буларга окшош көптөгөн объектилер көрүнөт. Булар галактикадан тышкаркы тумандуулуктар же галактика делет. Бул галактикалардын биздин Галактика сыяктуу эле борбору, спиралдык тармактары бар. Айрым спиралдык галактика м-н эллипстик галактикалардын диаметри 25 – 35 Кпкке жетет. Көп галактикалардын массалары Күн массасына караганда 109 – 1012 эсе чоң. 


Андромеда.jpg