Тармактык Энциклопедия:БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК УБАКЫТ
Jump to navigation
Jump to search
– меридиандын башталышындагы орточо күн убакыты. Меридиандын башталышы үчүн шарттуу түрдө Гринвич (Улуубритания) обсерваториясынын меридианы кабыл алынган (к. Гринвич меридианы). Астрон. календарларда ж-а бир жылдыктарда көпчүлүк кубулуштардын моменттери Б. д. у. б-ча көрсөтүлөт. Бул кубулуштардын кайсы бир жерде жергиликтүү убакыт б-ча болор учурун ошол жердин Гринвичтен эсептелген кеңдигин билүү м-н оңой эле аныктоого болот. Б. д. у. Т0 м-н белгиленет. Эгер Тm– берилген меридиандагы орточо убакыт болсо, анда Тт= Т0+l болот, мында l-берилген пункттун кеңдиги.