Тармактык Энциклопедия:БУЛУТТАРДЫН ИРИЗАЦИЯСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
– Күндөн 30°тан ашык аралыкта турган түрмөктөлгөн булуттардын чет жакасындагы күн желеси сыяктуу түс. Адатта бул түстө кызыл ж-а жашыл басымдуулук кылат. Бул кубулуш жарык нурларынын дифракциясына негизделген. Булуттардын түскө боёлгон бөлүктөрү венецтин чоң диаметрлүү сегменттери болот. Кубулуштун аталышы гр. “ирис” күн желеси деген сөздөн чыккан.