Тармактык Энциклопедия:БРАГЕ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
Тихо (14.12.1546 – 13.10.1601) – дан. астроному. Практикалык астрон-нын реформатору. Ал 1576-ж. «Ураниборг» обсерваториясын куруп, анда асман жарык чыгаруучуларынын абалына 21 жыл бою байкоо жүргүзгөн. Ай кыймылындагы 2 барабарсыздыкты ачкан. Кометалар Айдан да алыс асман телолору экенин далилдеген. 800 жылдыздын каталогун, рефракция таблицасын ж. б. түзгөн. Анын Марска жүргүзгөн байкоолорунун негизинде И. Кеплер планеталар-дын кыймыл законун ачкан.