Тармактык Энциклопедия:БИР КАМЕРАЛУУ ЭЛЕКТРОН-ОПТИКАЛЫК ӨЗГӨРТКҮЧ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
– байкоо жүргүзүлүүчү объектти сүрөткө тартуу үчүн электрондук камера пайдаланылуучу электрон-оптикалык өзгөрткүч. Мындай куралда фотоэлектрондордун агымы түздөн-түз жогорку энергиялуу электрондордун таасирине сезгич келген атайын фотопластинкага же плёнкага таасир этет. Б. к. э.-о. ө. негизинен кыйла жарык космос объекттерине (Күн, жылдыз, планета) байкоо жүргүзүүдө колдонулат.