Тармактык Энциклопедия:БИОСФЕРА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
– Жердин же анын чөйрөсүнүн тирүү организмдер жайгашкан чеги. Б-га атм-ранын төмөнкү катмары (тропосфера), жердин суу каптаган бөлүгү (гидросфера) ж-а литосферанын үстүнкү катмары кирет. Деңиз ж-а океандарда организмдер 10 кмден ашык тереңдикке чейин учурайт. Б. башка геосфераларга салыштырганда өтө жаш. Организмдер өсүп-өнүгүп, көбөйүп, жаңы аймактарга таралып Б-ны түзөт. Кен байлыктардын 90%и Б-дан алынат. Б-ны В. И. Вернадский изилдеп, кеңири баяндап жазган. Б. терминин 1875-ж. Э. Зюсс киргизген.


БИОСФЕРА.jpg