Тармактык Энциклопедия:АТМОСФЕРАНЫН ТААСИРИ
Jump to navigation
Jump to search
. Жеткиликтүү тыгыздыктагы атм-ра планеталардын аба ырайына таасирин тийгизет. Алардын ичинен парник эффектиси планеталардын бетинин темп-расын жогорулатып, планеталардын күндүзгү ж-а түнкү темп-раларынын чектүү айырмаларын жоёт, планеталардын түн. уюлу м-н экваторундагы темп-ралардын чектүү айырмасын атм-радагы конвекция аркылуу азайтат. А. т-нде закым, горизонт сызыгы, асмандын көк түсү, таң, күүгүм, уюлдук жаркыроо кубулуштары ж-а кийинки күндөрдө илимпоздордун көңүлүн бурган тарелка сымал объектилер, б. а. таанылбаган учуучу объекттери (ТУО) байкалат.