Тармактык Энциклопедия:АСТРОФИЗИКA
Jump to navigation
Jump to search
– астрон-нын ири бөлүмү, ал асман телолорун, алардын системаларын, Ааламдын пайда болуусун, алардын түзүлүшүн, хим. тегин, физ. касиеттерин ж-а алардын өзгөрүүлөрүн (эволюциясын) изилдейт. А. асман телолорунун нур чыгаруусуна карап инфракызыл, оптика, ультракызгылт-көк, рентгендик астрон. ж-а гамма-астрон-ларды камтыйт ж-а аларга ылайыктуу астрон. аспаптарды колдонушун талап кылат. А. изилдөө объектиси б-ча Күн, планеталар, жылдыз аралык чөйрө ж-а тумандуулук, жылдыздар физ., космологияга, ал эми ыкмасы б-ча астрофотометрия, астроспектроскопия, астроколориметрияга бөлүнөт.