Тармактык Энциклопедия:АСТРОНОМИЯЛЫК СААТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
– өтө жогорку тактыктагы саат, термелүү маятниги убакыттын бир калыптагы шкаласын берет. 1657-ж. Х. Гюйгенс жогорку тактыктагы А. с-тын системасын биринчи түзгөн. Сааттын маятнигинин термелүү мезгили маятниктин узундугуна ж-а анын аймагындагы абанын тыгыздыгына көзкаранды болгондуктан, маятниктин өзөгү өз ара туташтырылган бир нече бөлүмдөн жасалат. Темп-ранын жогорулашы м-н маятниктин бир бөлүгү кысылат, жалпысынан маятниктин узундугу өзгөрбөйт. Маятникке атм-ралык басым таасир тийгизбес үчүн абанын басымын азайтып, жел кирбегендей чаптап бекитилет. А. с. Жердин титиреши ж. б. термелүүлөрдүн таасири тийбесин үчүн атайын тереңдетилген жайда сакталат. Азыркы А. с-тарга суткалык жүрүшү 5•10­4секга чейин болгон маятниктүү саат, суткалык жүрүшү 10­8секдай болгон квант сааты ж-а кварц сааты кирет.


АСТРОНОМИЯЛЫК СААТ.jpg


www.novate.ru