Тармактык Энциклопедия:АСТРОНОМИЯЛЫК КҮНҮМДҮК
Jump to navigation
Jump to search
– Бүткүл союздук астрономия-геодезия коомунун астрон. маалымдама календары. 1895-ж. (1934-ж. чейин – “Русский А. к.”) Москвада жылына бир жолу чыгат. Мында белгилүү астрон. маалыматтар, таблицалар (Күндүн, Айдын тутулуу мезгилдери, айрым планеталардын көрүнүү мезгили ж. б.), астрон. кубулуштар ж-дө жазылат. “А. к.” астрон-га кызыгуучуларга, мугалимдерге арналып, астрон. адистерин даярдоодо окуу куралы катары колдонулат.