Тармактык Энциклопедия:АСТРОНОМИЯ
Jump to navigation
Jump to search
– космос телолорунун, алар түзгөн системалардын, жалпы Ааламдын түзүлүшү ж-а өнүгүшү ж-дөгү илим. А. сфералык А., практикалык А., астрофиз., асман мех., жылдыз А-сы, галактикадан тышкары А., космогония, космология ж. б. бир топ бөлүмдөрдү камтыйт. А. – адамдардын практикалык муктаждыгынан, б. а. мезгилдик кубулуштарды алдын ала айтуу, убакытты эсептөө, Жер бетиндеги орундарды аныктоо ж.бдан келип чыккан байыркы илим. Азыркы А-нын калыптанышы дүйнөнүн геоборбордук системасынан баш тартуу ж-а аны дүйнөнүн гелиоборбордук системасы м-н алмаштыруу, асман телолорун телескоп м-н изилдөөнүн башталышы ж-а бүткүл дүйнөлүк тартылуу законунун ачылышына байланыштуу. А. термини гректин жарык чыгаруучу ж-а закон деген сөзүнөн алынган. Б.з.ч. 2000-ж. Кытайда кытай А-сынын өнүгүшүнө салымын кошкон астрон. мектеп бар болгон. Шумер-аккад цивилизациясынын жрец-астрономдору көптөгөн кылымдар бою Күндүн, Айдын, планеталардын кыймылдарын жылдыздар фонунда катташкан. А-нын көп терминдери арабчадан келип чыккан, мис., зенит, надир, альманах. Птолемейдин б.з. 140-ж-дарында «Альмагест» деген эмгегинде А. б-ча бүт билимди чогулткан. Орто к-дын аралыгында бул эмгек негизги жетектөөчү эмгек болуп 17-к-га чейин А-лык ойлордун өнүгүшүнө таасирин тийгизген. 19-к-дын 2-жарымы фотографияны ж-а спектрдик анализди колдонууга байланышкан жаңы ачылыштар м-н даңкталган. Азыркы кездеги А. тездик м-н өнүгүүдө. 20-к-дын ири жетишкендиги болуп релятивдик космология – бүтүндөй Ааламдын эволюциясынын теориясы эсептелди.