Тармактык Энциклопедия:АСТЕРОИД АЛКАГЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
– күн системасындагы кичине планеталардын же астероиддердин тобу. Кичине планеталардын көпчүлүгү Күндөн 2,06–4,30 а. б. аралыкта, б. а. Марс ж-а Юпитер планеталарынын орбитасынын ортосунда кыймылда болот. Бул зона А. а., айрым учурда кичине планеталар шакеги деп аталат. 1801-ж. Пиацци астрон. байкоо учурунда кокусунан байкаган К. Гаусс орбитасын эсептеп чыккан. Белгилүүлөрү Церера, Паллада, Веста, Юнона, Эрос ж. б. Азыркы күндө 1800 кичине планетанын айлануу орбитасы белгилүү. Булардын ичинен эң чоңу Церера, диаметри 780 км. Эң чоң жаркырагы – Веста.


АСТЕРОИД.jpg


www.positime.ru