Тармактык Энциклопедия:АСТЕРОИДДЕРДИН ЖАНДООЧУЛАРЫ
Jump to navigation
Jump to search
– астероиддердин айланасында айлануучу табигый же жасалма телолор. Ири планеталардын табигый жандоочулары сыяктуу кичи планеталардын, б. а. астероиддердин да табигый жандоочулары аныкталган. 1978–1980-ж-рда кытай, япон ж-а америкалык астрономдор Метида кичине планетасынын табигый жандоочуларын байкашкан. Кийинки кезде көп сандаган кичине планеталардын табигый жандоочулары бар экени ачылган.