Тармактык Энциклопедия:АСМАН ТЕЛОЛОРУНДАГЫ ЖАНАР ТООЛОР
Jump to navigation
Jump to search
– күн системасынын айрым планеталарынын ж-а алардын жандоочуларынын бетиндеги жанар тоолор. Жер, Марс, Чолпон планеталарында, Ай, Ио жандоочуларында кездешет. 1972-ж. амер. планета аралык станциялардын жардамы м-н Марс планетасынан өлчөмү 500 кмдей жанар тоо байкалган. Айдын бетиндеги Альфонс кратери да жанар тоо экени аныкталган.