Тармактык Энциклопедия:АРСТАН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
– зодиак топ жылдызы. Жылдыз картасынан А.топ жылдызынын a, b, d, q, g, x, h, l, m, e ж-а l жылдыздары А-дын сынын элестетет. А. топ жылдызынын өтө жарык жылдызы (a -Арстан) Регул. Регулдун айланасында айланган эки жылдыздын чоңдуктары 7,6m ж-а 13m. А. топ жылдызынын g -Арстанынын бирөө сары түстө, экинчиси кызгылт түстө болуп кош жылдыздарды түзөт. А. топ жылдызына тушма-туш жерден галактикалар табылган ж-а радианты a=152°, d=+22° Леониддер метеор уюгу бар. А. КМШнын аймагынан кышында ж-а жазында көрүнөт.


АРСТАН.jpg


www.sundriesshack.com