Тармактык Энциклопедия:АРСАР АЙ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
(он үчүнчү ай) – илгерки кыргыз эли колдонуп келген Ай календары б-ча жыл ичинде айлардын алмашуусундагы 2 жылда (айрым мезгилде бир эле жылда) бир болуучу айырмачылык. Кыргыз эли кылымдар бою Алатоону мекендеп, көчмөн турмуштун өзү аларды айлана-чөйрө м-н эриш-аркак, табияттын татаал сырлары м-н тамырлаш, жаратылыш м-н жамаатташ жашоого үйрөткөн. Алар табияттын ар кандай кубулуштарына көз салып, айдын, жылдыздардын таасирин таразалап өзгөчө так билишкен.

Ар ай сайын жаңырган айдын атынын кыргызча аталып калышы кокустук эмес. Тактап айтканда, бир жылда он эки мертебе ысымдагы ай аттары бар. Жыл ичинде жаңырган бардык айларды ата-бабаларыбыздын тогол аттары м-н кошо атоосу – алардын өзгөчөлүктөрүнүн бири.

Ай, Күн календарынын ичинде Ай жылы же Мүчөл жыл календары б-ча 2 жылдан кийин, кээ бир жылдарда 1 жылдан кийин эле асманда «Бирдин айы 9 тогол» аттуу айдан кийин он үчүнчү ай же «Арсар ай» аттуу ай жаңырып калат. Ошол ай Ай жылынын же мүчөл жылдын акыркы айы болуп калат. Арсар ай жаңыра турган Мүчөл жыл келип калса, так ошол Мүчөл жылдын акыркы айы он үчүнчү айы болуп, асманда жаңыра турган ай – «Арсар ай» аттуу ай 9-январдан 19-январга чейинки күндөрдө болот. Арсар ай жылыга эле жаңыра бербейт ж-а январь айынын күндөрүндө гана болот. Чечмелегенде артыкбаш ай, арсар ай, ара жолдогу ай дегенди түшүндүрөт. «Кыш чилде» аралыгын камтыйт. Бул убакта кар жаап, күн бүркөлүп, аба ырайында өзгөрүүлөр күтүлбөйт.

Кыргыз элинин тарыхый уламыштарына көз жүгүртсөк «Арсар ай» аяктамайын үйлөнүү, мергенчилик кылуу, сапарга аттануу, той тамаша өткөрүү токтотула турган. Бул айды эсепке алуунун натыйжасында Мүчөл жылдын календары жаралган. Бул жылдын биринчи айы «Жалган куран 7 тогоол» – февраль айы.

АРСАР АЙ.jpg


www.ilovephoto.info.com