Тармактык Энциклопедия:АНДРОМЕДА ТУМАНДУУЛУГУ
Jump to navigation
Jump to search
– асман сферасынын түн. жарым шарындагы Жерге жакын жайгашкан жаркырак өтө зор спиралдык галактика. Аралыгы 700 Кпс же 2 млн. жарык жылына барабар. А. т. биздин Галактикага окшош, бирок массасы ж-а өлчөмү б-ча өтө эле чоң. Борбордук бөлүгү шар сымал жылдыз чогулмаларына окшош, анда 300гө жакын шардык чогулмалар, 200дөн ашык жаңы жылдыздар ж-а өтө жарык жылдыздардан бирөө байкалган. А. т-нун төрт жандоочусу бар, алар эллипстик кидик галактикалар. А. т-нун түрдүү объектилерине байкоо жүргүзүү м-н башка галактикалардын ж-а биздин Галактиканын жаратылышын жакшы билүүгө мүмкүндүк түзүлүүдө.