Тармактык Энциклопедия:АЛЬТАИР
Jump to navigation
Jump to search
– Бүркүт (Орёл) топ жылдызынын өтө жарык (1-чоңдуктагы) жылдызы. Жерден алыстыгы 16,5 жарык жылына барабар. Көрүнгөн жылдыз чоңдугу m=0,9m, абс. жылдыз чоңдугу М=+2М; А6 спектрдик класска кирет. Байкалган координаты: a=19h 14m 32s, d=+8° 44ў, 7. Өтө тез айланат, экватордогу ылдамдыгы 250 км/секга жетет, ошондуктан экватордук радиусу уюлдук радиусунан дээрлик 2 эсе чоң болушу мүмкүн.