Тармактык Энциклопедия:АЛКАК УБАКЫТЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
– узундук б-ча 15°ка айырмаланган 24 негизги геогр.меридиан м-н аныкталуучу орточо күн убакыты. Жер бети 24 саат алкагына бөлүнгөн, анын ар биринин чегиндеги алкак убакыты андан өтүүчү негизги меридиан убакытына дал келет. Бир алкактын ичинде жаткан жерлердеги А. у. бирдей, ал эми чектеш алкактарда 1 саатка айырмаланат. Эсептөө батыштан чыгышка карай Гринвич меридианынан башталат. Тп алкак То дүйнөлүк убакыты м-н Тп= = Тo+пh формуласы аркылуу байланышат, мында пh – саат м-н туюнтулган алкак саны. А. у. көп мамлекеттерде (СССРде – 1912-ж., 1930-ж. декрет убакыты киргизилген) кабыл алынган.