Тармактык Энциклопедия:АКТИВДҮҮ МЕТЕОР АГЫМЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
– көптөгөн метеордук телолордун Жердин атм-расына тынымсыз же мезгили м-н түшүп туруучу метеордук тобу. Метеор агымдарынын активдүүлүгү ар бир жылда түрдүүчө болот. А. м. а-нда метеорлор асмандын белгилүү бир областынан, белгилүү бир топ жылдыздан учуп чыккандай көрүнөт да, ал агымга ошол топ жылдыздын аты берилет. Мис., Персеид, Лирид ж. б. А. м. а. кээ бир жылда аз, кээ бир жылда өтө көп болуп, белгилүү бир мезгилде кайталанып турат. Бул метеор жамгыры деп да аталат. Метеор жамгыры 1961-ж. августта (Персеид), 1766-, 1799-, 1833-, 1866- ж-а 1966-ж. (Леонид) байкалган.


АКТИВДҮҮ МЕТЕОР АГЫМЫ.jpg