Тармактык Энциклопедия:АККУУ
Jump to navigation
Jump to search
– Түн. жарым шардагы топ жылдыз. Ал асман сферасында учуп бара жаткан Аккууну элестетет. Анын өтө жарык жылдызы Денеб. Денеб жылдызына катарлаш b жылдызы, ага туташ “Түндүк Америка” диффузиялык тумандуулугу жайгашкан. А. топ жылдызынын аймагында дагы эки газ тумандуулугу, о. эле көптөгөн кош жылдыздар кездешет. А-да рентген нурлануусунун эки булагы байкалган, булактын бири кара көңдөй м-н байланыштуу болушу мүмкүн. Бул топ жылдыз КМШнын аймагынан жаздын акырында, жайында ж-а күзүндө көрүнөт. А-дагы жаркырак үч жылдыз элибизде Үч аркар деп аталат.