Тармактык Энциклопедия:АЙДЫН КРАТЕРЛЕРИ
Jump to navigation
Jump to search
– Айдын бетиндеги диаметрлери 1 мден 250 кмге созулган тегерек ойдуңдар. Кратерлердин айрымдары Ай бетиндеги деңиздерден да орун алган. Майда кратерлер негизинен метеориттердин түшүшүнөн, ал эми ирилери Айдын өзүндөгү жанар тоолордун жаралышынан пайда болгон. Кратерлердин көпчүлүгүнүн аты ири илимпоздордун ысымына коюлган. Мис., Аристотель, Гиппарх, Коперник, Кеплер, Птолемей ж. б-лар.