Тармактык Энциклопедия:АЙ
Jump to navigation
Jump to search
(Moon) – Жердин жалгыз табигый жандоочусу, Жерге жакын жайгашкан асман телосу. Анын массасы Жердикине салыштырганда 81,3 эсе кичине, радиусу 1738 км, Жерден орточо аралыгы 384400 км, перигейде 21000 км, апогейде ошончо өлчөмгө чоң. Айдын бетиндеги эркин түшүү ылдамдануусу Жердикинен 6 эсе аз болуп, g=163 см/сек2 ж-а андагы параболалык ылдамдык 2,38 км/секга барабар. Ай өзүнөн жарык чыгарбайт. Ал жарыкты Күндөн алат да, Жердин айлануу учурунда фазада болуп өтөт. Айдын Жерди айлануу мезгили өз огунда айлануу мезгилине барабар болгондуктан, дайыма анын берки бети көрүнүп, аркы бети көрүнбөйт. Аркы бетинин эки жаккы четтеринин бир аз бөлүктөрү алмак-салмак көрүнүп турат. Айдын аркы бетинин картасы ж-а биринчи Ай глобусу 20-к-да эле советтик астрономдор тарабынан түзүлгөн. 1959-ж. советтик “Луна-3” автоматтык планета аралык станциясы Айдын аркы бетин сүрөткө тарткан. Бул космос мейкиндигинен алынган биринчи телефотография болуп эсептелет. 1969-ж. космонавттар Н. Армстронг м-н Э. Олдрин Айдын бетине конуп, биринчи кадамдарды жасашкан.