Тармактык Энциклопедия:ААЛАМДЫН БИР ТЕКТҮҮЛҮГҮ ЖАНА ИЗОТРОПТУУЛУГУ
Jump to navigation
Jump to search
– Ааламда байкалуучу ~50 мпктен чоң масштабдагы заттардын бир тектүү бөлүштүрүлүшү. ~125 миң Mnк3 көлөмгө орто эсеп м-н 6000дей галактикалар туура келет ж-а аларды “чулгап” турган заттардын тыгыздыгы бардыгында болжол м-н бирдей болот. Астрономдор галактикалар м-н реликт нурлануусун изилдөөдө Ааламдагы заттардын бөлүнүшү бир тектүү ж-а изотроптуу деген жыйынтыкка келишкен.