Кыргыз улуттук академиялык театры
Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры – Бишкек шаарындагы кыргыз улуттук маданиятын өнүктүрүүдө өзгөчө роль ойногон, тарыхы бай театр. Кыргыз театрларынын алгачкы көч башы, жалпы эле кыргыз искусствосунун башаты болуп эсептелген Кыргыз улуттук академиялык драма театры алгач 1926-жылы 2-ноябрда Кыргыз облустук комитети тарабынан актёрлорду даярдоо үчүн театр студиясы болуп ачылган. Бул күн кыргыз улуттук маданиятынын тарыхында жаңы Европа формасында, орус классикалык театрлар тибинде биринчи кыргыз театрынын жаралган күнү деп эсептелет. Бул искусствонун алгачкы кирпичин түптөгөндөр А. Куттубаев, А. Боталиев, К. Эшимбеков, Ө. Жетикашкаев, Ш. Орозов, А. Сарбагышев болгон. 1927-жылы эң алгачкы спектакль -- Молдогазы Токобаевдин «Кайгылуу Какей» драмасы коюлуп, бул күн улуттук драматургиянын башталышы катары тарыхка жазылган. 1930-жылы театр студиясы «Кыргыз мамлекеттик театры» болуп түзүлгөн. 7-ноябрда К. Жантөшовдун «Алым менен Мария» аттуу пьесасы көрсөтүлүп, 1934-жылы кыргыздын тунгуч театр режиссеру Анвар Куттубаев даярдаган Жусуп Турусбековдун «Ажал ордуна» музыкалуу драмасы коюлган. Көркөм жасалгасын СССРдин эл сүрөтчүсү Гапар Айтиев иштеп чыккан.
1936-жылы театрга тажрыйбалуу орус театр ишмери, режиссёр Самарин-Волжский, жогорку билимдүү жаш композиторлор В. В. Власов менен В. Г. Фере, таланттуу дирижер В. В. Целиковский, балетмейстер Н. С. Холфин, сценограф Я. З. Штофферлердин чакырылышы, жогорку квалификациялуу адистердин келиши менен театр тарыхында чоң өзгөрүүлөр башталган. Театрдын көркөм жетекчиси, башкы режиссёру болуп О. Сарбагышев дайындалып, М. Рыскулов, Б. Кыдыкеева, С. Күмүшалиева, Д. Күйүкова, С. Жаманов, Б. Мүсүралиева, К. Айбашева, Ш. Түмөнбаев сыяктуу актёрлор кабыл алынган. Ушул жылдары Н. Елениндин «Насердин молдо», М.Токобаевдин «Кайгылуу Какей», К. Жантөшовдун «Карачач», Н. В. Гоголдун «Текшерүүчү», «Үйлөнүү», Д. Фурмановдун «Козголоң», К. Маликовдун «Касымаалы», Р.Шүкүрбековдун «Жапалак Жатпасов», «Бейит арасында», Т. Байжиевдин «Кырманда», Ж. Бөкөнбаевдин «Алтын кыз», О. Сарбагышевдин «Улуу мерген», Лопе де Веганын «Койлуу булак» оюндары коюлган.
1939-жылы Москва шаарында өткөн кыргыз искусствосунун I он күндүгүнө В. Власов, А. Малдыбаев жана В. Ференин «Айчүрөк» операсын, Ж. Турусбековдун «Ажал ордуна», Ж. Бөкөнбаевдин «Алтын кыз» музыкалуу драмаларын алып барышкан. СССР Жогорку Советинин Президиумунун указы менен театр Ленин ордени, чыгармачыл жамааттын 71 мүчөсү ар кандай орден-медалдар менен сыйланып, Абдылас Малдыбаев СССРдин эл артисти наамын алган. Ошондой эле Анвар Куттубаева «Ленин» ордени, Сайра Кийизбаева «Эмгек Кызыл Туу» ордени, Ашыралы Боталиев «Ардак белгиси» ордени менен сыйланышкан. Бул кыргыз театр искусствосунун тарыхындагы биринчи жолу жетишкен чоң ийгилиги болгон.
1941-жылы Москва шаарындагы А. В. Луначарский атындагы Мамлекеттик театралдык искусство институтунун (ГИТИС) кыргыз студиясынан «алгачкы карлыгачтар» Н.Кытаев, А. Саргалдаев, У. Исмаилова, Н. Курманалиева, К. Бектенов, И. Абдубачаев, М. Ибраев, К. Төлөбаевдер бүтүп келишет. О. Сарбагышев менен А. Айдаркулов режиссёрдук факультетин бүтүрүшүп, Кыргыз мамлекеттик театрында режиссёр болуп иштей башташат. Театр У. Шекспирдин «Король Лир», А. Островскийдин «Кедейлик кемтик эмес» спектаклдерин коёт. 1941-жылы 20-августта Кыргыз ССР эл комиссарлар советинин №798 токтому менен Кыргыз мамлекеттик драма театры опера жана балет театры жана Кыргыз мамлекеттик драма театры болуп экиге бөлүнөт.
Ошол мезгилде патриоттук темага арналган К. Жантөшовдун «Курманбек» спектакли коюлган (режиссёру О. Сарбагышев). М. Рыскулов түзгөн Тейитбектин, Б.Кыдыкеева түзгөн Айганыштын, Н. Кытаев менен С. Жамановдор түзгөн Курманбектин образдары тереңдиги менен айырмаланып, көрүүчүлөрдүн көпкө эсинен чыкпай жашаган.
1944–1945-театр сезону жылынын ачылышына О. Сарбагышев «Жаңыл Мырза» спектаклин даярдап жатканда мезгилсиз дүйнөдөн өтүп, Ленинград шаарынан А.В.Свистунов чакырылат. Жаңыл Мырзаны Д. Күйүкова эң жогорку деңгээлде аткарып, эл намысын коргогон баатыр кыздын ролун чоң чеберчилик менен элге жеткирет, таланттуу режиссёрдун көздөгөн ою ишке ашат. Улуу Ата Мекендик согуштан кийин театрдын афишасы кыргыз авторлорунун жаңы тизмеси менен толукталат. Репертуарда «Жапалак Жатпасов» (Р. Шүкүрбеков), «Берекелүү өрөөн» (И. Бектенов), «Уядан учкандар» (Ш. Бейшеналиев), «Курорттогу окуя» (М. Алыбаев), «Болот жана Тынар» (А. Көбөгөнөв), «Бир көчөнүн кыздары», «Жүрөк толкуйт» (К. Маликов), «Каныбек» (К. Жантөшев), «Эгиз бала» (К. Эшмамбетов) сыяктуу пьесалар болгон.
1947-жылы А Фадеевдин «Жаш гвардия» романы боюнча патриоттук сезимди козгогон А. В. Свистуновдун пьесасы коюлуп, көрүүчүлөргө согуштагы баатыр каармандардын образы ачылып берилген. XX кылымдын 50-жылдары У. Шекспирдин «Отеллосу» (режиссёру А. Свистунов) коюлуп, көпкө чейин сахнадан түшкөн эмес.
1957-жылы А. Өмүралиев, С. Далбаев, З. Молдобаева, А. Кыдырназаров, Б. Шалтаев, Ш. Абылаева жана башка таланттуу жаштардын Москва шаарындагы А..Луначарский атындагы Мамлекеттик театралдык искусство институтун бүтүрүп ( ГИТИС) театрга келиши да болуп көрбөгөндөй сапаттык жана сандык өсүштү камсыз кылган.
1958-жылы Москвадагы кыргыз адабияты менен искусствосунун II он күндүгүнө театр К. Жантөшовдун «Курманбек», Т. Абдумомуновдун «Тар капчыгай», А.Островскийдин «Добул», Цао-Юйдун «Тайфун» аттуу төрт спектакли менен катышат. Декададагы чоң ийгиликтери үчүн театр СССР Жогорку Советинин Президиумунун указы менен «Эмгек Кызыл Туу» орденине татыктуу болгон. СССРдин эл артисти наамы М. Рыскуловго, Ленин ордени Б. Кыдыкеевага берилген.
Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры улуттук уюткубуздан жаралуу менен элдин үрп-адат, каада-салтын бекем кармаган баатырдык эпикалык театр. Ушул улуттук театрдын башында туруп, көркөм багытын аныктап, кызмат өтөгөн алгачкы режиссерлорубуз А. Куттубаев, О. Сарбагышев, Ө.Жетикашкаев, А. Айдаркулов, М. Рыскулов, Ж. Абдыкадыровдун эмгектери нар көтөргүс. Ал эми 60-жылдардан ушул күнгө чейин режиссёрлор М. Назаралиев, Б.Ибраев, О. Эркимбаева, И. Рыскулов, А. Дыйканбаев, А. Көбөгөнов, М. Шаршенбаев, Ж. Козукеев, А. Сарлыкбеков, Н. Абдыкадыров, З. Сооронбаев, Э. Бекболиев, З.Аклаева, М. Козукеев, Н. Мендибаиров, жаш режиссер Ш. Дыйканбаев улуттук театрдын аброюн түшүрбөй, көкөлөтүп келишет.
2000-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин указы менен театрга «улуттук» статусу берилген. Кыргыз театр искусствосун дүйнөлүк чоң аренага чыгарып, калайык калкка таанытууда Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын эмгеги зор.
Акыркы жылдардын ичинде театр бир нече эл аралык фестивалдардын катышуучусу жана жеңүүчүсү болуп белгиленип жүрөт жана өткөөл мезгилдеги кыйынчылыктан чыгып, курч социалдык, эпикалык масштабдуулук, психологиялык тереңдөө жолу аркылуу көрүүчү менен актёрдун ортосундагы байланышты күчөтүүдө. Жылдан-жылга биринен-бири кызыктуу пьсеалар коюла баштады. 2011-жылы Э. Родзинскийдин «Жаза», А. Темированын этаптык спектакль деп кабыл алынган «Сынык асман» драмасы эле коюлган болсо, 2012-жылы Н. Коляданын «Назиктик», Н. Гоголдун «Үйлөнүү», Б. Брехттин «Өлөрман эне», А. Абдыгулованын «Бурулча» спектаклдери көрсөтүлгөн. 2013-жылы Т. Актандын «Жан азык», «Чоң кербез», И. Друценин «Ыйыктын ыйыгы», С. Мрожектин «Эмигранттары» коюлган болсо, «Назиктик» спектакли» Россиядагы Коляда атындагы эл аралык фестивалга катышып «Эң мыкты ансамбль үчүн» сыйлыгын жеңип алган. 2014-жылы Ф. Дюрренматтын «Картаң айымдын келиши», М. Метерлинктин «Бороон», 2015-жылы Н. Гогольдун «Текшерүүчү», балдар үчүн М. Мендебаировдун «Көк куш», М. Козукеев, М. Мендебаировдун «Кар киши» жана башка пьесалары коюлган. 2016-жылы «Саманчынын жолу» чоң ийгилик менен жаңыча коюлуп, жогорку категориядагы «Эргүү» сыйлыгынын алты номинациясын жеңип алган. Кийинки мыкты спектакль – «Улуу Бхарата урпактары баяны» – театрдын алгачкы эл аралык долбоору катары зор ийгилик менен жогорку деңгээлде баа алган. Пьесаны жазган драматург Алтынай Темировага Кыргыз Республикасынын Аялдар Конгрессинин 17 өлкөдө катталган «Лидерлиги үчүн» алтын медалы ыйгарылган. Спектакль үчүн чоң ыраазычылык билдирген Индия мамлекетинин өкүлчүлүгү жана Тышкы иштер министрлигинин кызматкери бул спектаклдин Индия театралдык фестивалына катышып, элине көрсөтүлүшү үчүн чакыруу-сунуштарын билдиришкен. Ошондой эле Ш. Жапаровдун «Тагдыр жана таймаш» спектакли Казакстанга театралдык фестивалга чакырылган. Ф. Буляковдун «Бакбергендин балпайган бактысы», Азис Несиндин «Торосстук каракчы» спектаклдери да мыкты коюлган спектаклдер катары кабыл алынган. 2017-жылы Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры драматург К. Иманалиевдин «Коркут Ата» спектакли менен Түркияда өткөн 3-Түрк дүйнөсү эл аралык театр фестивалына катышып келген. Түркия, Азербайжан, Кипр, Гагаузия, Иран, Ирактын өнөрпоздору да барган фестиваль «Коркут Ата» спектакли менен ачылып, бул чыгарма көпчүлүктүн купулуна толгон. 2018-жылы Түрксой эл аралык уюму каржылаган Б. Жакиевдин «Улуу Үркүндө» (Алтын аяк), К. Иманалиевдин «Коркут ата», спектаклдери коюлган.
Ошондой эле театр Түркиядагы эл аралык фестивалга «Жан азык» спектакли менен ийгиликтүү катышып келген. «Тагдыр», «Назиктик», «Ак боз ат» спектаклдери да Алматы шаарындагы Казакстан Республикасынын маданият күндөрүнө катышып, жакшы аброй алып келишкен. Нарын шаарында өткөн «Арт-Ордо» эл аралык фестивалына «Өлөрман эне» спектакли ийгиликтүү катышса, Талас шаарында өткөн «Арт-Ордо» театралдык фестивалында «Назиктик» спектакли «Эң мыкты эркектин ролу» сыйлыгын алган (актёр Н. Мендебаиров), «Тагдыр» спектакли Отрау шаарында өткөн эл аралык фестивалда 2-орунга ээ болгон.
Театрдын азыркы имараты 1970-жылы курулуп, ишке берилген. Жалпы аянты 11276 чарчы метр, анын ичинен көрүүчү залы 637 орундукка эсептелип, 480чарчы метрди түзөт. Имаратта чыгармачыл топ үчүн 17 бөлмө, администрация үчүн жети бөлмө бар.