ИУДЕЙ ПАДЫШАЛЫГЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
(ИУДЕ́Й ПАДЫШАЛЫГЫ барагынан багытталды)
Jump to navigation Jump to search

ИУДЕЙ ПАДЫШАЛЫГЫ , И у д е я, Й е г у д а (евр.) – Түштүк Палестинадагы байыркы мамлекет. Б. з. ч. 1-миң жылдыктын 1-жарымына таандык. Еврейлердин Иуддар уруусунан улам Иудей деп аталган. Б. з. ч. 2-миң жылдыктын аягында Иуддар уруусу Палестинанын аймагына көчүп келип отурукташкан. Б. з. ч. 10-кылымдын аягында Давид жана Соломон башкарган бирдиктүү еврей падышалыгы кулагандан кийин  Иудей падышалыгы (борбору Иерусалим) түзүлгөн. Б. з. ч. 586-жылы Жаңы Вавилон мамлекети тарабынан Иерусалим храмы жана Иерусалим шаары (башка хронология боюнча 587-жылы) талкаланган. Иудей падышалыгы жөнүндө алгачкы эскерүү 9-кылымдын аягында Тель-Дандан табылган. Иудей падышалыгынын гүлдөгөн мезгили Езекия падышанын мезгилине (болжол менен 727–698) туура келет. Б.з. ч. 6-кылымдын аягында Вавилон падышасы Навуходоносора II Иерусалимди тартып алып, калктын күчү менен Вавилонияга көчүргөн.