ДИПЛИПИТО, НАГРА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

ДИПЛИПИТО, НАГРА – грузиндердин урма музыкалык аспабы. Ылайдан жасалган 2 карапа. Үстүнө жаргак тартылган. Анда-санда үчүнчү кичинекей карапа кошулуп ойнолот. Жылытып күүлөйт. Бул добуштардын катуу чыгышын арттырат. Эки жыгач таякча менен ургулап ойнойт. Кээде коңгуроолор да илинет. Эл аспаптар оркестринин курамында ойнолот.