БИКБУЛАТОВА Аниса Рифовна
(БИКБУЛАТОВА Анисиа Рифовна барагынан багытталды)
Jump to navigation
Jump to search
БИКБУЛАТОВА Аниса Рифовна (9. 5. 1969-жылы туулган, азыркы Чүй облусу, Ысык-Ата району, Кант ш.) – тарыхчы, тарых илимдеринин доктору. 1991-жылы Ж. Баласагын атындагы КУУнун тарых факультетин бүтүргөн. 1993–2000-жылдары КР Өкмөтүнө караштуу "Манас-1000" мамлекеттик дирекциясынын илимий иштер боюнча бөлүм башчысы, 2000–2007-жылдары КР УИАсынын Тарых жана маданий мурас институтунда илимий кызматкер, 2007–2016-жылдары Ж. Баласагын атындагы КМУнун тарых жана чөлкөм таануу факультетинде археология жана этнология кафедрасынын башчысы, 2016-жылдан профессору. 50дөн ашуун илимий макалалардын, анын ичинде 2 монографиянын автору. «Манас-1000» медалы менен сыйланган.