БАЛБАН музыкалык аспап
(БАЛБАН барагынан багытталды)
Jump to navigation
Jump to search
БАЛБАН, балабон – 1. Өзбек менен тажиктердин тыт жыгачынан жасалган сурнайга түспөлдөш кош чымылдактуу байыркы үйлөмө музыкалык аспабы. Узундугу (чымылдаксыз) 300 миллиметр, капталында 7 добуш чыгаруучу көзөнөктөрү бар. Аткаруучулар негизинен жеке ойношот. 2. Дагестандыктардын камыштын сөңгөгүнөн жасалган жалгыз чымылдактуу үйлөмө музыкалык аспабы. Жалпы узундугу 150–200 миллиметр 5тен 8ге чейинки көзөнөктөрдөн турат. Балбанды аварлар лалу деп аташат.