БАГЫШ, ача туяктуу сүт эмүүчү

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

БАГЫШ (Alсеs alсеs) ‒ бугулар тукумундагы ача туяктуу сүт эмүүчү. Дене узундугу 3 мге, бийиктиги 2,3 мге, салмагы 570 кгга чейин жетет; ургаачылары кичирээк. Буттары узун, ичке, ак, башы чоӊ, үстүнкү эрди калыӊ. Эркегинин тамагынын асты жагында жүндүү териси салаӊдап турат, куйругу кыска, эркегинин күрөк сымал мүйүзү бар, жүнү катуу, моюунунун үстүндө узун жүнү жалга окшоп кетет. Кышында ‒ кара-күрөӊ, жай мезгилинде

БАГЫШ 2106.png

кара түстө болот. Европа, Азия токойлорунда, токойлуу-тундрада, токойлуу-талааларда жашайт. Жалгыздан же топтошуп жүрөт. Мүйүзүн декабрда таштайт, жаӊысы августка чейин өсөт. Анын эти жана териси үчүн аӊчылык жасалат.