БАГРАМЯН Иван Христофорович (Ованес Хачатурович)

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

БАГРАМИЯН Иван Христофорович (20. 11(2. 12). 1897, Азербайжан, Шамкир району, Чардахлы кыштагы – 21. 9. 1982, Москва) – Советтер Союзунун Маршалы (1955), эки жолку Советтер Союзунун Баатыры (1944, 1977). М. В. Фрунзе атындагы Аскер акедемиясын (1934), Генштабдын аскер акедемиясын бүткөн. 1-дүйнөлүк жана Граждандык согуштун катышуучусу. 1934-жылы Атчандар дивизиясынын штаб начальниги. Улуу Ата Мекендик согуш мезглинде Түштүк-Батыш фронтунда ыкчам бөлүмдүн, топтун, фронттун штаб начальниги. Москва салгылашында (1941 – 42), Курск салгылашында (1943) армиянын, 1943-жылы ноябрдан 1- Прибалтика фронтунун командачысы. Белорус операциясына (1944), Прибалтика операциясына (1944) жана Чыгыш-Пруссия операциясына (1955) катышкан. 1945–55-жылдарда 3-Белорус фронтунун, АОнун командачысы, 1956–58-жылдарда Генштабдын аскер академиясынын начальниги, 1958–68-жылдарда СССР Коргоо Министринин орун басары – Куралдуу Күчтөрдүн ооругунун начальниги.