АЯЛДАРДЫН ЭЛ АРАЛЫК МАЙРАМЫ (8-МАРТ)

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АЯЛДАРДЫН ЭЛ АРАЛЫК МАЙРАМЫ (8-МАРТ)‒ аялдардын экономикалык, социалдык жана саясий теӊ укуктуулук үчүн күрөштө эл аралык тилектештигинин күнү. Бул күнү бүткүл дүйнөлүк аялдардын бардык тармактардагы жетишкендиктери белгиленип, планетадагы аялдардын өткөндөгүсү, бүгүнкүсү жана келечеги даңазаланат. Байыркы Римде эле аялдар күнү матрондор (эркин аялдар) тарабынан белгиленип, марафондор өткөрүлгөн. Аларга бул күнү күйөөлөрүнөн белектер берилген жана ар кандай камкордуктар көрүлгөн. Күӊдөргө дагы кожоюндары белектерди беришип, ал күнү эс алууга уруксат берилген. Римдик аялдар майрамдагыдай кийинишип, баштарына жыпар жыттанган гүлчамбарларды тагышып, Веста кудайынын храмына келип, сыйынышкан. Кийин аялдар өздөрүнүн турмушун өзгөртүүнү, эркектер менен теӊ укуктуулугу үчүн күрөшүүнү чечишкен. 1857-жылы 8-мартта Нью-Йоркто жумушчу аялдар шаардын көчөлөрүнө чыгышып, эмгек акыларынын төмөндүгү, эмгек шарттарынын начардыгына каршы нааразылык билдиришкен. 1908-жылы 8-мартта Нью-Йорктун жумушчу аялдары кайрадан иш ташташып, балдардын эмгегине тыюу салуу, фабриканын шарттарын жакшыртуу талаптарын коюшкан. 1909-жылы Америка социалдык партиясы февралдын акыркы жумасын аялдардын Улуттук күнү деп жарыялашкан. 1910-жылы Копенгагенде жумушчу-аялдардын 2-Эл аралык конференциясында (17 өлкөдөн 100дөн ашуун аял катышкан) немец революционери, Германиянын социал-демокр. партиясынын аялдар тобунун лидери Клара Цеткин бүткүл дүйнө аялдарынын эзүүгө, буржуазиянын үстөмдүгүнө, теӊсиздикке каршы өз укуктары үчүн күрөштөгү тилектештигинин күнүн жыл сайын ар бир өлкөдө бир эле күнү белгилөөнү сунуштаган. Анын сунушу боюнча жыл сайын Аялдардын эл аралык майрамы күнүн майрамдоо жөнүндө чечим кабыл алынган. Бул күн 1-жолу 1911-жылы Германия, Австрия, Швейцария жана Данияда, ал эми Россияда 1913-жылы өткөрүлгөн. 1914-жылы Австрия, Венгрия, Германия, Нидерландия, Швейцария, Россия, АКШ ж. б. өлкөлөрдүн аялдары аялдардын эл аралык күнү ‒ 8-мартты салтанаттуу майрамдоону белгилешкен (буга чейин көптөгөн өлкөлөрдө марттын ар кайсы күндөрүндө белгиленген). Ошондой эле еврей элдеринде да жаз майрамы ‒ Пурим кыштан жазга өткөн мезгилге туш келип, 8-март күнү майрамдалат. СССРдин убагында СССР Жогорку Советинин Президиумунун 1965-жылы 8-майдагы Указы боюнча аялдардын эл аралык күнү ‒ 8-март дем алыш күн болуп жарыяланган. Кыргызстанда аялдардын эл аралык күнү 1920-жылдан белгиленип келе жатат. Бул күн кыргыз аялдары үчүн чоӊ мааниге ээ болуп, аялдардын сабатсыздыгын жоюу боюнча мектептер, аялдардын клубдары, кызыл үйлөрү, кесиптик атайын артелдер ж. б. пайда болгон. Мисалы, 1925-жылы 8-мартта Күрмөнтү болушундагы Талды-Суу кыштагында Кыргызстандагы аялдардын алгачкы клубу ачылган. Батышта бул майрам 1930-жылдын аягында иш жүзүндө унутулуп калып, феминизмдин кайра жаралышы менен 1970-жылы калыптанган. 1975-жылы Аялдардын эл аралык майрамы БУУ тарабынан расмий түрдө таанылган. Учурда Аялдардын эл аралык майрамы көп өлкөлөрдө (Аялдар күнү, Энелер күнү ж. б. катары) аялдардын сүйүктүү майрамдарынын бири болуп эсептелет.

                                                                                                                                     Ш.Керимова.