АХМАДУЛИНА Белла (Изабелла) Ахатовна

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АХМАДУЛИНА Белла (Изабелла) Ахатовна (10. 4. 1937-жыл, Москва шаары ‒ 29. 11. 2010-жыл, Москва облусу, Ленин району, Переделкино айылы, Россия) ‒ орус акыны, жазуучу, котормочу. Москва шаарындагы М. Горький атындагы адабият институтун бүткөн (1960). Чыгармалары 1955-жылдан жарык көргөн. 1960-жылдан баштап эстрадалык поэзия аркылуу тааныла баштаган. 1964-жылы «Ушундай жигит бар» (режиссёру В. М. Шукшин) фильмине тартылган. Адамдардын ички акыл-ой мүдөөлөрү «Кыл» (1962) аттуу ырлар жыйнагында чагылдырылган. Ал модернисттик мүнөз менен салттуу классиканы таӊ каларлыктай айкалыштыра билген. А.С.Пушкин, Б. Л. Пастернак жана башка көрүнүктүү орус акындарынын таасири Б. Ахмадулинанын чыгармачылыгына символ катары кирген. «Музыка сабагы» (1969), «Ырлар» (1975), «Шам», «Бороон» (1977), «Жашырын сыр» (1983), «Бак» (1987), «Эссе» (2000) жана башка ыр жыйнактары бар. Б. Ахмадулина проза чыгармаларынын («Иттер жана ит», 1979; «Кокустук», 2000) да автору. Ал грузин акындарынын (Н. Бараташвили, Г. Табидзе, С. Чиковани) ырларын орус тилине которгон. СССРдин (1989), Россия Федерациясынын мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (2005).
Ж. Медералиева.