АУДИО, ҮН ЧЫГАРУУ
АУДИО, ҮН ЧЫГАРУУ (Audio - Звуковой). Аудиого компьютер аркылуу сөздү жана музыканы камтыган үндү чыгаруу кирет. Алгач компьютерлердин артында кичинекей үн чыгаргычтар (динамиктер) орнотулган, азыр болсо стерео үн чыгаргычтар түрүндө өзүнчө блок колдонулат. Стерео чыгаргычтар үндүк кардтагы порт аркылуу туташтырылат. Ал атайын программалык жабдык менен үн жана музыканы чыгарат. Сөз чыгаруу аудионун түрү, ал компьютерден сүйлөнгөн сөздөр түрүндө чыгарылат. Ошентип, басып чыгарылган кагаздагы же монитордогу сөздөрдү окуунун ордуна үндү кулакка илген телефон же башка чыгаргычтар аркылуу угууга болот. Үн эки жол менен чыгарылат. Адегенде адам микрофонго сүйлөйт, сүйлөнгөн сөз сандык моделге коддолот. Мисалы, сөздөр микрофонго сүйлөнгөндө программалык жабдык сөздөрдү сандык моделдерге каттайт. Андан кийин сандык моделдер дискте сакталат, керек болгон учурда моделдер дисктен табылат жана сандык моделден кайра үнгө которулуп угулат. Сөздү генерациялоонун экинчи түрү синтездөө деп аталат. Сөздү синтездөө эсте сакталып турган сөздөрдү өзгөртөт. Программанын жардамы менен сөздөр анализденет, программа эсте сакталган ариптерди изилдейт жана ариптердин комбинациясынан сөздү түзөт. Программалык жабдык интонация эрежелерин дагы колдонууга жөндөмдүү жана адам сыяктуу алардан үндөрдү түзөт. Андан кийин компьютерге туташтырылган үн чыгаргычтан уктурулат. MIDI портун пайдаланып компьютерге туташтырылган синтезтегич, баскычтоп тактасы же музыкалык түзүлүш аркылуу үн чыгарылат.